Бул америкалык лидердин президенттик мөөнөтү башталгандан бери Украинага жасаган алгачкы сапары. Бул тууралуу РБК-Украина билдирди.
«Мен президент Байденге Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдагы согушунда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазымын», – деди Зеленский Байден менен жолугушууда.
«Жозеф Байден, Киевге кош келиңиз! Сиздин сапарыңыз украиналыктар үчүн абдан маанилүү колдоо көрсөтүү», — деп жазып, сүрөтүн жарыялады Украинанын президенти.
Жо Байден Украинанын президенти менен бирге Киевдин борборуна барып, борбор калаада аба соккусунан улам каза болгон украин баатырларынын элесине таазим кылды. Мындан тышкары, Байден Украинага жаңы жардам көрсөтүлөрүн жарыялады.