Грузияда 24 сааттын ичинде төрт жер титирөө катталды

Грузин сейсмологдору акыркы 24 сааттын ичинде төрт жер титирөөнү катташты, анын үчөө Грузиянын батышында жана бирөө түштүктө болгон.

Грузиянын Улуттук сейсмикалык мониторинг борборунун маалыматы боюнча, Тбилиси убактысы боюнча саат 17:55те өлкөнүн түштүгүндө күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Ахалкалаки шаарынан (Самцхе-Жавахети аймагы) эки чакырым алыстыкта, Дилиска айылына жакын жерде жайгашкан. Жер титирөөнүн очогу 5 чакырым тереңдикте болгон.

Буга чейин жекшемби күнү эртең менен Грузиянын батышында күчү 4,4 жана 3,3 баллга жеткен эки жер титирөө катталган.

Борбордун маалыматына караганда, эки учурда тең жер титирөөнүн очогу Бахмаро курортунун (Гурия облусунун Чохатаури муниципалитетиндеги шаар тибиндеги поселка) жанында жайгашкан.

Кечинде ошол эле райондо Гурия провинциясында күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөөлөрдүн кесепетинен кыйроолор жана курмандыктар тууралуу маалымат жок.