Буту жабыркаган ит урандылардын астынан беш адамды тапты

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин Малатия шаарында буту жабыркаган ит куткаруучуларга урандылардын астынан кеминде беш адамды табууга жардам берди. Бул тууралуу Trhaber агенттиги билдирди.

Кепюк аттуу иттин буттары айнектин сыныгынан улам жабыркаган.

«Жеринде ветеринар ага жардам берип, жараатын дарылап, таңып койгон. Азырынча анын ден соолугунан эч кандай көйгөй жок. Биз ишибизди улантуудабыз», – деди кинолог Дерсим Булут.

Ит ар кайсы шаарларда иштеген, анткени өзгөчө кырдаалдар же табигый кырсыктар учурунда расмий тапшырмаларды аткаруу үчүн атайын даярдыктан өткөн.

Жер титирөөдөн кийинки биринчи күндөн тартып жаныбар кинологдордун коштоосунда трагедия болгон жердеги адамдарды куткарууга жардам берип келет.

Кинолог Дерсим Булуттун айтымында, Кепюк урандылардын астында аман калган беш жаракат алган адамды табууга жардам берген.