Кыргызстандык «Тенирберди» тасмасы Ирандын Тегеран шаарында өтүп жаткан 41-эл аралык Фажр кинофестивалына катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кинофестивалга Кыргызстандан аталган тасманын оператору Караш Жанышов барган.
Аталган тасма Т. Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын техникалык колдоосу менен режиссер Асель Жураева тарабынан тартылган.