Түркиядагы зилзалада карыяны караган кыргызстандык келин каза болгон

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында зилзаладан Кыргызстандын бир жараны каза тапканы кабарланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун маалыматына таянып, «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылган.

«37 жаштагы кыргызстандык келин хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болгонун консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган. Консулдуктун кызматкерлери учурда мигрант келиндин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иш жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Азырынча маркумдун тек-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек»,-деп жазылат маалыматта.

Ал эми тышкы иштер министрлиги маалымат такталып жатканын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Түркияда жана Сирияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20 миңден ашты. Курмандыктардын 17 миңдейи Түркияда.