Түркияга жардам катары депутаттар, мамкызматкерлер бир күндүк маянасын которушууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери жана облустук мекеме ишканалардын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Түркия мамлекетине жардам берүүгө которот. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Андан сырткары Бишкектеги акимиаттар бир күндүк маяналарын Түркияда жабыркагандарга жардам катары которушту. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлери жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултушту.

Белгилей кетсек, 9-февралда ЖКнын депутаттары Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга эки күндүк маянасын которот. Демилгени депутат Акылбек Түмөнбаев көтөрүп, кесиптештери колдоп, сунушка макул добуш беришти.

Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын муниципалитет кызматкерлери Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн бир күндүк эмгек акысын которду.

Бул демилгеге УТРКнын жамааты да катышып, бир күндүк эмгек маянасын түрк элине жардамга которуу чечимин кабыл алышкан.

Айта кетсек, Түркияда зилзаладан жабыркаган жарандар үчүн атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылып, президенттин администрациясынын жетекчилиги, кызматкерлери жана Каржы министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын которушту.