Шакиев: «Кыргызстан ар дайым Борбор Азиядагы тыгыз кызматташтыкты жактап келет»

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Түркестан шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин I форумуна катышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Форумду Казак парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев ачып, андан соң башка парламент жетекчилери сөз сүйлөштү.

Өз кезегинде Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилери менен жүз көрүшүп жатканына кубанганын билдирип: “Парламенттер аралык форумду өткөрүү маселеси 2022-жылдын июль айында Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анткени, Борбор Азия мейкиндигин байырлаган элдер руху, маданияты жагынан тектеш. Калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн уюштурулган бул аянтча конструктивдүү баарлашууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүп, чөлкөмдөгү ийгиликтер менен көйгөйлөрдү талкуулоого көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстан ар дайым аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнү, региондогу тынчтыкты чыңдоону жана Борбор Азиянын дүйнөлүк аренадагы позициясын бекемдөөнү жактап келгендигин эске салган Нурланбек Шакиев“Дүйнөлүк абалды жана өзгөчө кырдаалдарды эске алып, Борбор Азия мамлекеттеринин жаңы чакырыктарга жана каатчылыктарга каршы туруктуулугун жогорулатуучу кызматташтыкты өнүктүрүүбүз кажет. Айрыкча, чөлкөмдөгү өнүгүүнүн кыймылдаткычы эркин сооданы калыптандыруу, инвестиция тартуу, транспорттук-транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү экенин белгилейм. Андыктан бул жааттагы кемчиликтерди биргелешип чечип, тоскоолдуктарды жоюушубуз керек”, – деди.