Нурлан Мотуевдин үйүнө кол салуу болду. Бул тууралуу ал өзү билдирип, видеосун жарыялады.
Анын айтымында, окуя 9-февралга караган түнү саат 02:00дө болгон.
“Мен дароо эле «102» кызматына чалдым, милиция кызматкерлери келгичекти кошуналарыма байланыштым. Алар дарбазанын эшиги ачык калганын айтышты. Аны ичине киргендер, гараждан унаанын номерин алып кетишиптир”, — деди Нурлан Мотуев.