Кыргызстан менен Тажикстан 2022-жылы бири-бирине студенттер үчүн гранттык орун берген эмес

2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстан биринчи жолу бири-бирине жогорку окуу жайларда окуу үчүн гранттык орундарды берген жок. Бул тууралуу 2-фервалда Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн маалымат жыйынында айтылды.

Эл аралык программалар борборунун директору Рамазон Одиназоданын айтымында, буга чейин бул гранттар жыл сайын өкмөттөр аралык келишимдин негизинде берилип келген.

Ал ушул тапта Кыргызстанда тажикстандык 42 студент окуп жатканын, калгандары Тажикстандын жогорку окуу жайларына которулганын белгиледи.

Одиназода Тажикстанда окуган кыргызстандык студенттер «кандайдыр бир көйгөйлөргө туш болбогонун» белгиледи. Ошол эле маалда ал өлкөдө канча кыргызстандык студент окуп жатканын айткан жок.

Душанбе менен Бишкек качан өз ара студенттерди кабыл ала баштай турганы белгисиз. Одиназода бул ынак коңшулук мамиле калыбына келгенден кийин мүмкүн экенин айтты.