
Таласта жол кырсыгынан үч киши көз жумду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ саат 21:00дөр чамасында Тараз — Талас — Суусамыр жолунда «Хонда-Степвагон» жана «ВАЗ2107» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен үч киши каза болуп, экөө жабыркаган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.