Мадумаров Татиковго: “Руслан иним, шымды башынан эмес, бутунан кийет”

Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Каржы министринин орун басарына айтты.

Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен биргелешкен холдингдин уставдык капиталына бюджеттен каражат каралганбы деген суроо депутат Мадумаров тарабынан узатылды. Буга экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов май-июнь айларында бюджетке өзгөртүүлөр киргизиле турганын айтты. 

“Каржылоосу боло элек келишимди бекитишибиз керек экен? Эми бул жерде биздин башыбызды айлантып, ушинтип жооп берип атышат”, – деди Адахан Мадумаров.

Буга Каржы министринин орун басары Руслан Татиков башты айлантпай, түз эле айтабыз, – деп жооп берди.

“Бул каражаттар бюджетте каралган эмес, бирок Жогорку Кеңеш концепцияны бекиткенден кийин табылат. Биз кепилдик беребиз”, – деди ал.

“Руслан иним, шымды башынан эмес, бутунан кийет. А силер айтып жаткан сунуш шымды башынан кийет дегендей болуп жатат. Мындай болбошу керек”, – деди депутат Мадумаров.

Бул убакта “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында биргелешкен холдингдик компанияны түзүү жөнүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу, 2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган” мыйзам долбоору каралып жаткан.