30 жаштагы Айжиана Дагирова дайынсыз болууда

Бишкекте дайынсыз жоголгон Айжиана Дагирова изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганла, 17-январда милицияга К.Р. аттуу жаран кайрылып, 1992-жылы туулган эжеси Дагирова Айжиана Маликовнаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирген. Анын айтымында, эжеси ошол эле күнү болжол менен саат 16:00дөн 18:00гө чейин ал Васильев көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Белгилери: бою болжол менен 160-165 см.Орто дене түзүлүштө, ак жумал, чачы орто узундукта,  күрөң түстө.

Кийген кийимдери: сары күрмө, капюшону бар кызгылтым костюм, кызгылт шым, бутунда кызыл түстүү кара өтүк, күрөң жоолук.

Милициядан белгилешкендей, кыз психикалык жактан жабыркап келет.

Милиция Дагирова Айжиана тууралуу маалыматы бар жарандарды 0705 10 20 00 номерине же 102 кызматына кабарлап коюуну суранат.