Нуртазин Жетибаев кызматынан алынды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев кызматынан алынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады.

Буга чейин Нуртазин Жетибаев бул кызматка президенттин 2022-жылдын 21-июнундагы жарлыгы менен дайындалган.