Быйылкы Нооруз майрамы Ош облусунда өткөрүлөт

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.

Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиевдин суроосуна жооп берип жаткан Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев быйылкы Нооруз Ош облусунда өткөрүлүүсү пландалып жатканын айтты.