Журналист Галымбетованын өлүмүнө шектелген блогер Жолболдуевага маркумдун тууганынын доосу жок

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып жаткан блогер Батмакан Жолболдуеванын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева маркумдун эжеси эч кандай доосу жок экенин билдирди. 

Анын маалыматына караганда, журналисттин эжеси буга чейин толук маалыматы болбогондуктан блогерди күнөөлөп келген. 

“Отурумда дарыгер Арзыгүл Галымбетова башкы дарыгердин көрсөтмөсү менен ооруканага жаткырылганын билдирди. Кошумчалай кетсек, Галымбетованын ноутбугу азырынча табыла элек, анткени анда маанилүү маалыматтар болушу мүмкүн. Телефону үй-бүлөсүнө кайтарылган, бирок ноутбук үйдө да, тергөөчүлөрдө да жок”, – деди жактоочу.

Сүйүнбаева кошумчалагандай, Галымбетова каза болор күнү жалпысынан өзүн жакшы сезген. Ал эми ооруканага кайрылууну облустук администрацияда иштеген Айгүл аттуу таанышы сунуштаган. Дарыгерлерге баргандан кийин Галымбетованын абалы начарлап кеткен.

Соттук отурумдар уланарын кошумчалады Назгүл Сүйүнбаева.

Эске салсак, 2022-жылы 25-мартта Арзыгүл Галымбетованын ден соолугу начарлап, ооруканага кайрылган. Ал эми кечки саат 20:00дө неврология бөлүмүндө каза болуп калган. Бул факт “шалаакылыктын айынан өлүмгө жеткирүү” беренеси боюнча катталып, экспертизалар дайындалган. Анын өлүмүнө шектелип 33-жаштагы Батмакан Жолболдуева кармалган.