Султанбаев АКШнын сенаторлоруна  «Азаттыктын» сайтынын бөгөттөлүшү боюнча жооп берди

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев АКШнын эки сенаторунун «Азаттык медиасынын» сайтынын бөгөттөлүшү боюнча Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусуна жооп берди.

Султанбаев «Азаттыктын» сайтынын бөгөттөлүшү мыйзамга ылайык болгонун билдирген.

«Бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу АКШнын эки сенатору «Азаттык медиа» айланасындагы кырдаалга байланыштуу президент Жапаровго кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылганы белгилүү болду. Бул, сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келген сыңары белгиленет.

«Азаттык медианын» ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет.

Бул чечимди кабыл алганга чейин, Министрлик «Азаттык медиа» редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн. Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган», — дейт ал.

Султанбаевдин айтымында, бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыюу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон.

  • «Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө. Дагы бир жолу кайталайм, бардыгы үчүн жалгыз талап иштеп жаткан мыйзамдарды сактоо», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана «Азаттык» радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон.

Бул тууралуу маалымат 20-январда Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин расмий интернет барагына чыкты.

Анда америкалык сенаторлор кыргыз өкмөтүн өзүнүн «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамын көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө «Азаттык» радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын былтыр 26-октябрда бөгөттөгөн. Анда министрлик, 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы Тажикстандын Кыргызстанга жасаган агрессиясын чагылдырууда «Азаттык» анык эмес маалымат тараткан деп билдирген.