“Чана тээп жатып түшүп кеткен”: Алайда 6 жашар кыздын сөөгү муздун астынан табылды

Ош облусунда 6 жашар кыздын сөөгү тоңгон муздун астынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Чоң-Бүлөлү айылында 6 жаштагы Д.А. аттуу кыз Чоң-Бүлөлү суусунун жээгиндеги тоңгон муздун астына чана тээп жатып түшүп кеткен.

Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, кыздын жансыз денесин муздун астынан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

326687559 1317579162154378 5078103252432619333 n "Чана тээп жатып түшүп кеткен": Алайда 6 жашар кыздын сөөгү муздун астынан табылды