Ошто УКМКнын тергөөчүсү пара менен кармалды

УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-январда Башкы прокуратурага О.А. аттуу жаран кайрылып, УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгынын Т.Ы. аттуу тергөөчүсүнө жана башка кызмат адамдарына чара көрүүнү суранган. Ал билдиргендей, УКМКнын башкармалыгынын кызматкерлери ага ачылган кылмыш ишин жабуу үчүн 20 миң доллар пара талап кылган.

Аталган фактыга байланыштуу Башкы прокуратуранын Тергөө башкармылыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Бүгүн, 20-январда УКМКнын башкармалыгынын имаратында Т.Ы. аттуу тергөөчү 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды», — деп билдиришти прокуратурадан.

Учурда аталган ишке башка кызмат адамдардын катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

УКМКнын тергөөчүсүн кармоо иштери Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМдин жетекчилигинин атайын кызмат, көзөмөл, укук коргоо органдарынын катарын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерден тазалоо боюнча макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөнү кабарланды.