Жол кырсыкта каза болгон Айзанын жакындары адилеттикти издешет

Бүгүн, 18-январда Жогорку сотто 24 жаштагы Айза Улан кызын сүзүп кетип, окуя жеринен качкан айдоочунун үй камагына чыгарылышы боюнча маалымат жыйын өттү.

Маалымат жыйында айдоочуну үй камагына чыгарган Сведлов райондук сотунун судьясы Айзада Исаева түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, айдоочунун бөгөт чарасы каралып жатканда, сотко шектүүнүн 5-стадиядагы бөйрөк оорусу, терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги, 2016-жылдан бери гемодиализ алып келе жатканы тууралуу медициналык документтер көрсөтүлгөн. Аталган оору өкмөт тарабынан бекитилген, шектүүнү камакка алууга тоскоол болгон оор оорулардын тизмесине киргендиктен ал үй камагына чыгарылган.

Ал билдиргендей, бөгөт чарасы тандалганда адамдын  күнөөлүү же күнөөсүз экени каралбайт. Баш коргоо чарасы тергөө жүрүп жатканда колдонулган чара болуп саналат. Айдоочуга карата өкүм тергөө аяктап, иш сотко өткөндөн кийин чыгырылат.

Ошол эле учурда маалыматка жыйынга катышып жаткан Айза Улан кызынын агасы Милан Мураталиев сотко суроо узатып, кармалган айдоочунун бөйрөгү алмаштырылганын жана гемодиализге муктаждыгы жок экенин айтты.

Сот Исаеванын айтымында, шектүүнүн 2013-жылдан бери ден соолугуна тиешелүү документтер берилген. Ошол жылы ал ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыккан – ал милиция кызматкери болуп иштеген.