Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Кыргызстанда адам ресурстарын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) “Адамдык ресурстарды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кампусунда 1000 чарчы метр аянтка күнөскана орнотуу долбоорун ишке ашырды.

Күнөсканадагы жашылча-жемиштер жыл бою бышып, сапаты жана коопсуздугуна кепилдик берүү үчүн бардык шарттар, материалдар жана жабдуулар орнотулган.

Университеттин агрардык факультетинин студенттери азыр өздөрү жашылча өстүрүп жатышат. Алардын эмгегинин аркасы менен күнөсканадан алынган жашылчалар окуу жайдын ашканасында колдонулууда.

“Манастын” Агрардык факультетинин деканы, илимдин доктору, профессор Атилла Дурсундун билдирүүсүндө ТИКАнын көмөгү жана окуу жай администрациясынын колдоосу менен кампуста курулган күнөсканада университеттин “Айыл чарба” факультететинин студенттери окууга, практика өтүүгө жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле өз алдынча жашылча өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушкан.

WhatsApp Image 2023 01 18 at 21.35.02 Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Кыргызстанда адам ресурстарын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө

Дурсун университеттин ашканасында “Айыл чарба” факультетинин студенттери өстүргөн помидор, калемпир, бадыраң, баклажан, капуста, брокколи, пияз, шпинат сыяктуу жашылчалардын пайдаланылганын да билдирди.

ТИКАнын Бишкектеги программалык кеңсесинин координатору Осман Уста, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Түркия Республикасынын колдоо көрсөтүүсүнүн эң маанилүү аракеттеринин бири – адам ресурстарына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорго салым кошуу экенин белгиледи.

Уста ТИКАнын Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда көпүрө кызматын аткарып жатканын, ошондуктан агенттиктин өлкөнүн адам ресурстарын өнүктүрүү долбоорлоруна техникалык жактан жардам жана колдоо көрсөтүүнү уланта турганын баса белгиледи.

WhatsApp Image 2023 01 18 at 21.20.21 1 Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Кыргызстанда адам ресурстарын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө

Кыргызстанда 2021-2022-жылдары ишке ашырылган маанилүү долбоорлор

ТИКАнын Бишкектеги кеңсесинин демилгеси менен 1993-жылдан бери 1000ден ашуун долбоор ишке ашырылды. Бишкектин борборунда 72 орундуу заманбап Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын курулуусу агенттиктин Кыргызстандагы социалдык маанилүү долбоорлорунун бири болуп саналат.

Кыргыз элине кызмат кылган ооруканада компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография жана рентген аппараттары бар. 2021-жылдан бери иштеп жаткан клиникада эки өлкөнүн адистери иштейт. Ооруканада жогорку технологиялык операциялар жасалып жаткандыгы үчүн Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө чыкпастан дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат.

WhatsApp Image 2023 01 18 at 21.20.21 Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Кыргызстанда адам ресурстарын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору ачылды. Борбордун имараты оңдолуп, компьютер жана 14 000 китепке ылайыкталган китеп текчелери менен жабдылды. Муну менен биргеликте борборго 3 500 китеп берилди.

ТИКА кыргыз кинорежиссеру жана Кыргызстандын Түркиядагы биринчи атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Төлөмүш Океевдин ысымын алган “Кыргызфильм” улуттук киностудиясына “Кыргызфильмдин” архивдик тасмаларын санариптештирүү үчүн Blackmagic Cintel Scanner аппараттык комплексин тапшырды.

WhatsApp Image 2023 01 18 at 21.35.01 Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Кыргызстанда адам ресурстарын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө

Аймактарда ТИКА аркылуу 2021-жылы Жалал-Абад Экономика жана ишкердик университетинде болочок ашпозчулар жана кондитерлер үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданияттарын окутуу ашканасы” түзүлүп, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен мамлекеттик университеттеринде Түрк тилин үйрөтүү борборлору ачылды, Ош облустук клиникалык ооруканасына лапароскопия үчүн акыркы үлгүдөгү жабдуулар берилип, Баткен облустук жугуштуу оорулар ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.