2023-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөгү ооруканада алты жаңы төрөлгөн ымыркайдын өлүмү катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январда ымыркайлардын жана балдардын өлүмү боюнча оперативдүү маалыматтарды чогултууда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун анализ бөлүмү жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүн аныктаган.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө перинатология боюнча алдыңкы адистердин арасынан тез арада комиссия түзгөн. Келгенден кийин комиссия перинаталдык өлүмдүн беш учурун каттаган, алтынчы учуру 15-январда болгон.
Учурда комиссия мүчөлөрү бардык иштерди талдап жатышат. Жакынкы арада алар ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча ыкчам мобилдик штабда каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт.
Учурда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйү дезинфекциялык иш-чараларга жабылды. Бардык кош бойлуулар жана төрөт учурундагы аялдар Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнө жөнөтүлдү. Бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар толугу менен камсыздалган.
Кырдаал Саламаттыкты сактоо министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө.
Аталган оорукананын директору Мирбек Сагынбаев убактылуу кызматынан бошотулганы белгилүү болду.