Чүйдө каза болгон алты жашар кыз сасык тумоо менен ооруса да ооруканага алып барылган эмес

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы, 2023-жылдын 15-январында ооруканада жандандыруу бөлүмүндө каза болгон, 2016-жылы төрөлгөн Ирина Петухова боюнча маалымат берди. Администрация өкүлдөрү Ирина Петухова жашаган үй-бүлөнүн жашоо шарты менен таанышып келишти.

Кыздын энеси,ТатьянаПолонская Кара-Балта шаарында 2000-жылдан бери жашайт. Ага чейин Орусиянын Тюмень облусунда жашап келген. Учурда беш баласы менен турат. Алар 2004, 2008, 2012, 2016, 2020-жылдары төрөлгөн балдар.

Татьяна Полонская жолдошу Сергей Петухов менен жарандык никеде жашайт. Ал Орусиянын жараны. Кыздын ата-энеси социалдык түйүндөргө кыздын өлүмүнүн себеби тууралуу такталбаган маалыматтын берилгендигине нааразы болушууда.

Каза болгон кыздын энесинин айтымында бала айына жетпей төрөлүп, ден-соолугу начар болгон. Кыз жана ал жашаган үй- бүлө мүчөлөрү сасык тумоо менен оорушкан, бирок ооруканага кайрылышкан эмес.

Бул үй-бүлөнүн жашоо тиричиликтери канааттандырарлык экени, зарыл болгон кийим-кече, тамак-аштары менен жетиштүү түрдө камсыз болуп турушканы белгиленет. Белгилей кетсек балдардын энеси менен атасы 2022-жылдын 28-октябрында Орусияга иштөөгө кетишкен.

Балдары 1993-жылы туулган Александр Полонский (энесинин бир тууганы) жана 2004-жылы туулган Маргарита Полонская менен калышкан. Кыз ооруп калганда атасы 2023-жылдын 15-январында, энеси 2023-жылдын 16-январында Орусиядан учуп келген. Учурда ата-энеси балдары менен.