Жунушова Швейцариядагы беделдүү сыйлыкка талапкер болду

Сайкал Жунушова эл аралык DIVIA AWARD 2023 тарабынан көрсөтүлгөн 27 архитектор аялдын тизмесине кирди. Бул тууралуу «Limon Мediа» жазды.

Жыл сайын берилүүчү сыйлык архитектор айымдардын жетишкендиктерин сыйлайт, архитектура тармагында жогорку натыйжаларга жетишкен же адаттан тыш чечимдерди сунуштаган жаш кыз-келиндерге көрүнүктүү мүмкүнчүлүк берет.

Сайкал Жунушова теги кыргызстандык, учурда Швейцарияда жашайт. 2017-жылы ал Винтертур шаарында Oekofacta архитектуралык фирмасын негиздеген.