Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Онлайн окутуу абал турукташканга чейин уланат.
Эскерте кетсек, 12-январда Майлуу-Сууда калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган. Мындан улам шаар аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.