Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына жөнөп жаткан спортчулар менен жолукту

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев жана КР Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев 14-январда Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчулар менен жолугушту.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Азия чемпионаты 16-27-январь күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтмөкчү. Аталган чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында өтүп, Кыргызстандан 12 мушкер, 3 машыктыруучу жана бир калыс барат.

Жолугушууда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев курама командага ийгилик каалап, мушкерлер чоң байгелүү орундарга ээ болушун каалады. Ошондой эле УКМК төрагасы ар бир Кыргызстандык спортчунун жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүсү күч болуп, таалыкпай эмгек кылып, аракеттен тайбаса сөзсүз жеңишти багындыраарын айтты. Өз кезегинде, өлкө жетекчилиги да спортчуларга өзгөчө маани берип, алардын машыгуусуна ар тараптуу шарт түзүп берүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Ал эми Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчулар УКМК төрагасына ыраазычылык билдирип, өлкө желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарды багындырууга болгон күч аракетин жумшарын убадалашты.

1024x683xgknb kr predsedatel gknb kr tashiev k.k. vstretilsya so sportsmenami kotorye vystupyat na chempionate azii7.jpeg.pagespeed.ic .V JnX71f3c Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына жөнөп жаткан спортчулар менен жолукту
gknb kr predsedatel gknb kr tashiev k.k. vstretilsya so sportsmenami kotorye vystupyat na chempionate azii 1080x630 1 Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына жөнөп жаткан спортчулар менен жолукту