2022-жылы «Аалам сулуусу» сынагында АКШнын өкүлү Р’Бонни Габриэль жеңишке жетти.
Экинчи орунду Венесуэладан келген катышуучу, үчүнчүнү Доминикан Республикасынан келген катышуучу ээледи.
Р’Бонни Нола Габриэль 1994-жылы 20-мартта төрөлгөн. Ал Miss USA 2022 наамынын ээси.
71-Аалам сулуусу сынагы 12-январдан 14-январга чейин Жаңы Орлеанда (АКШ) өттү.
Жалпысынан 86 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын атынан Алтынай Ботоярова катышты. Ал ТОП-16 талапкердин катарына кирген жок.
