Бишкекте балдар үйүнөн өрт чыкты

Бишкектин четиндеги балдар үйүнөн чыккан өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 13-январда саат 19:00 чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү бөлүмү жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган.

ӨКМден белгилешкендей, мекеменин ичинен тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, толук саат 23:08де өчүрүлдү.

Натыйжада жыгач устундуу темир менен жабылган аянты 320 чарчы метр эки кабаттуу балдар үйүнүн чатыры, экинчи кабаты буюмдары менен толук күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.