Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Катуу суукка байланыштуу Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, катуу сууктун айынан 12-январда Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында, түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.

«Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей үзгүлтүккө учураган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Майлуу-Суу шаардык мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча шаардык Жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмалар коюлган.

Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызмат менен бирдикте шаардын Саматова көчөсүндө жайгашкан отканага өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн «КаМАз» жана «ЗИЛ-131″ өрт өчүрүүчү автоунаалары дарыядан суу сордуруп, отказанга толтуруу жумуштарын аткарышкан. Ага карабай шаарга жылуулук берүү токтоп, бүгүн 13-январда шаардын Жарандык коргонуу кызматынын жыйыны өткөрүлүп, шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды», — деп айтылат маалыматта.