“Үшүгөндөр келип жылынып кеткиле”: Статистика комитетинде чай берилип жатат

Улуттук Статистикалык комитетинин атайын бөлмөсүндө шаар тургундары үчүн атайын чай уюштурулду. Бул көчөдөгү абанын кескин төмөндөп кетишине байланыштуу иш чара, – деп билдиришти мекемеден.

“Урматтуу шаар тургундары, коноктор!

Кирип келген суукка байланыштуу, шаар тургундары үчүн Улутстаткомдун имаратында жылынуу үчүн бөлмө уюштурулду. Эгерде суукта үшүсөңүздөр, Улуттук статистика комитетинде уюштурулган жылынуучу бөлмөгө келип, ысык чай ичип, жылынып кетсеңиздер болот” – деп айтылат маалыматта.

Дареги: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 374 (Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишет)

Иштөө убактысы: 08:30 – 21:00

(1) Facebook

https://www.facebook.com/statcom.kg/posts/527395529486268