Фактчек: «Глобус» байге ойнотуп жатат деген маалымат – фейк

WhatsApp мессенджеринде Globus дүкөндөрүнүн кезектеги түйүнү ачылып жатканына байланыштуу акчалай байге коюлганы тууралуу маалымат тарады.

Bulak.kg редакциясы бул маалыматты текшерди.

Белекти алуу үчүн шилтеме аркылуу кирип, сурамжылоодон өтүү керектиги сунушталат.

Колдонуучу бардык суроолорго жооп бергенден кийин сайт үч кутучанын ичинен тандап, анын бириндеги 20 000 сомду утуп алууну сунуш кылат.

pasted image 0 6 Фактчек: «Глобус» байге ойнотуп жатат деген маалымат - фейк

Экинчи жолку аракет менен биз дал ошол кутучаны ачтык.

pasted image 0 7 Фактчек: «Глобус» байге ойнотуп жатат деген маалымат - фейк

Утуп алган акчаны алуу үчүн сайт шилтемени WhatsApp тайпаларга жана эң азында 20 адамга жөнөтүүнү сунуштады.

Бул аракеттер аткарылган соң, алдын ала белгилүү болуп тургандай эле биз эч кандай акча алган жокпуз.

pasted image 0 8 Фактчек: «Глобус» байге ойнотуп жатат деген маалымат - фейк

Эмнени байкадык?

1. Шилтеме аркылуу өткөндө байгени алдым деп жазган адамдардын комментарийлерин окууга болот. Бирок алардын профилдерине басканда тирүү колдонуучулар эмес жөн гана жазуулары бар сүрөттөр, иштебеген шилтеме экенине ынандык.

pasted image 0 9 Фактчек: «Глобус» байге ойнотуп жатат деген маалымат - фейк

2. Сайттын домени “Глобустун» расмий сайтына төп келбегенин көрүүгө болот. Андан тышкары биз доменди жазганда ал Кытайдын Хубей аймагында катталганын көрүп, кызматтык эмес жеке сайт экенин байкадык.

pasted image 0 10 Фактчек: «Глобус» байге ойнотуп жатат деген маалымат - фейк

3. Эгер артка деген баскычын бассак, сайт автоматтык түрдө кумар оюндарынын порталына өткөрүп жиберет.

pasted image 0 11 Фактчек: «Глобус» байге ойнотуп жатат деген маалымат - фейк

Globus компаниясы Өзүнүн Instagram баракчасына байге ойнотуп жатканын четке каккан маалыматты жайгаштырды.

pasted image 0 12 Фактчек: «Глобус» байге ойнотуп жатат деген маалымат - фейк

«Достор, көңүл буруңуздар! Азыр интернет тармагында Globus тарабынан байге ойнотулуп жатат деген жалган маалымат тароодо. Анда байге тууралуу кабар менен бөлүшүп, жеке маалыматтарды калтыруу сунушталууда. Булар алдамчылар!

Бардык конкурс, байге оюндары жана акцияларды биз тек гана «Инстаграмдагы» расмий аккаунт аркылуу жүргүзүп келебиз. Башка эч бир тармактарда байге ойнотпойбуз. Алдамчылардын капканына түшүп калбоо үчүн жеке маалыматтар менен бөлүшүп, башка сайттардагы шилтемелер аркылуу өтпөңүздөр», – деп айтылат жазылган кайрылууда.

Ушул сыяктуу массалык кат таратуулар көп кездешип, мессенджер колдонуучулары активдүү бөлүшүп келишет. Журналисттер тарабынан мындай аракеттерди жокко чыгарган ондогон материалдар жасалган.

Жыйынтык: Зыян тийгизүүчү (вирустук) шилтемелерди (фишинг) таратып, жеке маалыматтарга ээ болуу аракетиндеги алдамчылык! Globus дүкөндөрү эч кандай акчалуу байгелерди ойноткон жок.