Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты каза болду.
Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кырсык 9-январь күнү 07:10 чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон.
«Жолдон өтүүгө аракет кылган учурда аны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Катуу соккудан жабырлануучу каршы тилкеге чыгып кетип, аны башка унаа тебелеп кеткен. Кыз ошол жерден каза болгон. Учурда айдоочунун өздүгү такталып жатат.
Бизде алдын ала маалыматтар бар. Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты 3 айлык даярдык курсунан өтуп жатканы белгилүү болду. Ал эртең менен сабакка бара жаткан»,-деп билдиришти мекемеден.