Курсант кызды сүзгөн айдоочу изделүүдө

Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты каза болду.

Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-январь күнү 07:10 чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон.

«Жолдон өтүүгө аракет кылган учурда аны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Катуу соккудан жабырлануучу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, аны башка унаа тебелеп кеткен. Кыз ошол жерден каза болгон. Учурда айдоочунун өздүгү такталып жатат.

Бизде алдын ала маалыматтар бар. Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты 3 айлык даярдык курсунан өтуп жатканы белгилүү болду. Ал эртең менен сабакка бара жаткан»,-деп билдиришти мекемеден.