
“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы эскертет!
“Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” II фаза долбоорунун алкагында, Асаналиев көчөсү боюнча, Красный көчөсүнөн баштап Л. Толстой көчөсүнө чейинки аралыкта Д-1000 мм канализациялык коллекторунун курулуш-монтаждоо иштерин баштоо пландалууда.
Ошол себептен, 2023-жылдын 6-январынан тарта #7 троллейбустун маршруттук каттамы Лев Толстой көчөсү менен каттайт.
Ал эми #9 маршруттук каттамы убактылуу жабылат, оңдоо иштери болжол менен 2-айга уланат.