“Бишкексууканал” жаңы жылдык майрамдарда күнү-түнү иштейт

Жаңы жылдык майрамдарда “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын адистери күнү-түнү иштешет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы жылдык эс алууга карата жарандарыбыздын ыңгайлуулугу үчүн бөлүмдүн ыкчам топторунун жана атайын техникаларынын иш графиги бекитилди.

“Кырсык болгон учурда 0312 56-03-20 телефону жана 1533 кыска номери аркылуу чалууга болот. Диспетчерлер күнү-түнү эс алуусуз жана тыныгуусуз иштешет”, – деп айтылат маалыматта.