
Жаңы жылдык майрамдарда “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын адистери күнү-түнү иштешет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы жылдык эс алууга карата жарандарыбыздын ыңгайлуулугу үчүн бөлүмдүн ыкчам топторунун жана атайын техникаларынын иш графиги бекитилди.
“Кырсык болгон учурда 0312 56-03-20 телефону жана 1533 кыска номери аркылуу чалууга болот. Диспетчерлер күнү-түнү эс алуусуз жана тыныгуусуз иштешет”, – деп айтылат маалыматта.