Түркияда жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди 

Түркияда, 19-декабрда, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Эскерүү иш-чарасы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта өткөн.

«Залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып өтүп жаткан бир катар иш-чаралардын алкагында 19-декабрда Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багында элчилик менен Кечиорен мэриясы тарабынан уюштурулган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Кечиөрен муниципалитетинин мэри, элчилер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Анкара аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган мекендештер катышты», — деп айтылат маалыматта.

Эскерүү иш-чарасында Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи болуп, комуздун коштоосунда кыргыз элинин улуттук күүлөрү жаңырган.