Чаткалда кен казуучу ишкананын 3 кызматкери дайынсыз

Чаткал районунда кен казуучу ишкананын 3 кызматкери дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Буура ашуусунда жайгашкан «Вертекс» кен казуучу ишканасынан 1970-жылы туулган С.Т., 1997-жылы туулган Б уулу Д. жана 2000-жылы туулган К уулу К. аттуу эркек кишилер Каныш-Кыя айылына карай жөө жолго чыккан бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине 4 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер жана 1 жүктөгүч тартылып, саат 01:25те аталган жарандар куткаруучулар тарабынан табылган.