Шавкат Мирзиеев ЕАЭБ мамлекет башчыларынын саммитине келбейт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев ЕАЭБ мамлекет башчыларынын
саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келбейт. Бул тууралуу министрлер
кабинетинен билдиришти.


Маалымдалгандай, анын ордуна аталган өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов келет.


Ал эми Өзбекстандын президентинин мамлекеттик сапары өзүнчө болору айтылды.
Эске салсак, буга чейин Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга 10-декабрда келери айтылган болчу.


Эртең, 9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку
Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.