Жерүй 2022-жылды ийгиликтүү аяктады. Алтын өндүрүү 30%га өстү, салык төлөмдөрү 209 миллион долларга жетти

Быйыл Жерүй кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясы жыл башында коюлган пландардын баарын аткарды. Ушул жылы 4 тонна баалуу металлды эритүү боюнча чоң максат коюлуп, ишкана бул милдетти ийгиликтүү ишке ашырды. Ошентип, 2022-жылдын аягына чейин алтын өндүрүү 2021-жылга салыштырмалуу бир тоннага (+30%) көбөйөт. Жерүй кенин иштетүү башталгандан бери Кыргызстандын бюджетине төлөнгөн салыктын көлөмү 2022-жылдын 31-октябрына карата 209,1 миллион долларга жеткен (азыркы курс боюнча дээрлик 18 миллиард сом).  

0000 Жерүй 2022-жылды ийгиликтүү аяктады. Алтын өндүрүү 30%га өстү, салык төлөмдөрү 209 миллион долларга жетти
01 Жерүй 2022-жылды ийгиликтүү аяктады. Алтын өндүрүү 30%га өстү, салык төлөмдөрү 209 миллион долларга жетти

 Ушул жылы ишканада тоо-кен транспортунун жана көмөкчү техниканын паркын көбөйтүү боюнча иштер жигердүү жүрдү. Быйыл компания 50дөн ашык техниканы (Hitachi жогорку өндүрүмдүүлүктөгү экскаваторлору, Caterpillar, Volvo 55 жана 25 тонналык самосвалдар) сатып алып, ишке киргизди жана жол техникасынын паркын чыңдады.  

 Ошондой эле, компания экологиялык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда. Жерүйдөгү калдык сактоочу жай  заманбап технологиялар, композиттик материалдарды колдонуу менен курулган. Мындай калдык сактоочу жай өлкөнүн башка кен казуучу жеринде жок. Ишкананын келечектүү пландарында калдыксыз кен казып алуу программасын ишке ашыруу камтылган. Бул багытта өндүрүш калдыктарын (пеноблок, кирпич, кургак курулуш аралашмалары) кайра иштетүү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бул Талас облусундагы курулуштун өнүгүшүнө кошумча салым болмокчу. Ошондой эле, компания тоо-кен рудасын карьерден алтын ылгоочу фабрикага ташууда жолдон чыккан чаң көйгөйлөрүн чечүү менен алектенип келет. Азыр чаңды басуу үчүн атайын экологиялык жактан коопсуз кошулмалар колдонулууда.  

02 Жерүй 2022-жылды ийгиликтүү аяктады. Алтын өндүрүү 30%га өстү, салык төлөмдөрү 209 миллион долларга жетти

 “Альянс Алтын” оор кесепеттерге алып келген кырсыктарды болтурбоо үчүн кызматкерлерин коопсуз шарттарда жана ыкмаларда иштөөгө үйрөтүү боюнча ишин күчөттү. Өнөр жай коопсуздугу жана эмгекти коргоо жагынан алдыңкы эл аралык тажрыйба колдонулууда.  Ошондой эле, атайын жабдуулары менен  медициналык адистер түздөн-түз өндүрүш аянтына бара алышат. 

  Компания жергиликтүү калк жана мамлекеттик органдар менен ийгиликтүү байланыш түзүүдө. Бүгүнкү күндө Жерүй кенинде подряддык компанияларда иштегендерди эсепке албаганда Бекмолдо айыл аймагынан эле 199 кызматкер, ал эми Талас шаарынан, облустун башка район, аймактарынан  295 адам иштейт. 

 Аймакты өнүктүрүү үчүн Талас облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага “Альянс Алтын” жыл сайын 150 миллион сом которуп турат. Айыл чарбасы колдоого алынууда: Компания дыйкандар үчүн 6 комбайн сатып берип, кант заводун калыбына келтирип, чакан бизнести өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыяларды берип жатат. Ошондой эле, райондук жолдорду кардан тазалоодо техникалык жардамдар көрсөтүлүүдө. Андан тышкары Жерүй кенине чектеш аймактарда чыккан өрт кырсыктарын өчүрүүдө, жакын жайгашкан имараттарды суу менен камсыздоо үчүн жол техникасын бөлүү иштерине көмөктөшүп келет.

 Компания мамлекеттик органдар менен ачык-айкын өз ара байланыш түзүүдө. “Альянс Алтын” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барган ачык ишкана болуп саналат.