Кой-Таш окуясындагы айыпталуучулар Зулушевге кайрылуу жолдоду

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулар башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда, бүгүнкү күнү Бирини май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча сот жүрүп, анда жабырлануучу катары «Альфанын» кызматкерлери көрсөтмө берип жатканы белгиленген.

“Биз Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулар, «Альфа» атайын багыттагы бөлүктүн командири Жыргалбек Сыдыковду кызматтан четтетүүнү жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча мыйзамсыз жана ишке ашпай калган атайын операция үчүн жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз. Атайын багыттагы кызматкерлердин көрсөтмөсүнө ылайык, Жыргалбек Сыдыков атайын оперцаияга гана катышпастан, аны жетектеген.

«Альфанын» командири Атамбаевдин дарыгерин сабап жатканы тартылган видео далил бар (видео тиркелген). Бирок атайын оперция ишке ашпай калгандан кийин, ал мурдагы президенттин үйүнөн чыгып кетип, кол алдындагыларды коргоо боюнча чара көрбөй, аларды коркунучта калтырган. Алардын ичинде оор жаракат алып, кийинчерээк ооруканада каза тапкан Үсөн Ниязбеков бар болгон. Ошол эле учурда иштин материалдардында Жыргалбек Сыдыковду калкалоо болуп жатат. Ал эми атайын операцияны жетектөө боюнча жоопкерчилик маркум Үсөн Ниязбековго жүктөп коюшкан.

«Альфанын» командири жоопкерчиликке тартылбастан, атайын бөлүктү жетектөөнү улантып келет. Бул түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышы. Жыргалбек Сыдыков сотто аны калкалашы үчүн кызматкерлерге басым көрсөтүүдө», — деп айтылат кайрылууда.

Кайрылуу жолдогондор:

Ниязов Ф., Жээнбеков Р., Сагымбаев К., Кодуранова А., Карамушкина И., Жолдубаева К., Мискенбаев М., Баабиев Ф., Осмоналиев К., Шаменов М., Капарбек уулу Н., Карыпбек уулу Р., Какебаев А.