Баткенде 1-класстын окуучусу ооруканада каза болду

Ал кутурма оорусун жуктуруп алган болушу мүмкүн.
Белгилүү болгондой, каза болгон бала Баткен районунун Жаңы-Жер айылында жашаган.

Аны облустук ооруканага 28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү саат 3:30 чамасында оор абалда алып келишкен. Аны сактап калууга
мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ал таңкы саат 6:00 чамасында каза болгон.
Кутурма оорусунун клиникалык диагнозу коюлганы менен лабораториялык изилдөөлөрдү
жүргүзүү мүмкүн болгон эмес. Анткени баланын жакындары өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн экспертизадан баш тартышкан.