“Кыргызстан” Банкы МБанктагы Temirov Live эсебин жокко чыгарды

«Кыргызстан» коммерциялык банкы МБанктын төлөм системасындагы Temirov Live каналынын эсебин жапты. Бул тууралуу аталган каналдан билдиришти.

Журналисттер аталган банктагы эсепти атайын паракорчулукка жана бийликтегилердин мыйзамсыздыгына каршы күрөшүүгө финансылык колдоо көрсөтүү үчүн ачышкан.

Temirov Live каналынын изилдөөчү-журналисттер тобу эсеп ачылганын жарыялаган, бирок МБанк кызматкерлери бул тууралуу бардык билдирүүлөрдү социалдык тармактардан себебин түшүндүрүп бербестен өчүрүп салууну суранышкан.

318452804 679626030483325 7239127944809163098 n "Кыргызстан" Банкы МБанктагы Temirov Live эсебин жокко чыгарды