Бакиевдердин үйүнүн ордуна балдарды реабилитациялоо борбору курулду

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына Бишкек шаарында жакында майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачыларын жазды.

«Эсиңерде болсо Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан мурдагы президент К.Бакиевге таандык имаратты жайында бузуп, ордуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз.

Ошондо айрымдар “булар басып алды, ээлеп алды, эми өзүнө үй салат экен” деген сыяктуу ушактарды таратышты эле. Биз андай айың кептерге көңүл бурбай, натыйжаны иш жүзүндө көрсөтүп, мына буюрса имарат бүтүп калды. Жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет», — деп жазат Каныбек Туманбаев.