Кыргызстанда өсүмдүк майы арзандады

Кыргызстанда 1-ноябрдан 1-декабрга чейин өсүмдүк майынын баасы 2,7%га арзандаганын Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Алсак, 1-ноябрда өлкө боюнча орточо баа 184,87 сомду түзсө, 1-декабрга карата баа 4,99 сомго төмөндөп, 179,88 сомду түздү.

Баанын төмөндөшүнө майдын баасы Баткенде 9,61 сомго, Бишкекте 6,81 сомго, Ошто 4,19 сомго арзандашы менен байланыштуу.

Ошол эле учурда, Бишкектин гипермаркеттеринде 1 литр күн карама же өсүмдүк майлары “Олейна” 176 сом, “Шедевр” 172 сом, “Аведовъ” 142,5 сом, “Благо” 145 сом, “Золотая капелька” 146 сом, “Каролин” 148 сомдон сатылууда.