Мектеп окуучулары кышкы каникулга качан чыгат? Министрликтин жообу

Быйыл мектеп окуучулары 30-декабрдан тарта кышкы эс алууга чыгат. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, эс алуу 9-январга чейин созулуп, 10-январда окуучулар окууга чыгышат.

Эскерте кетсек, былтыр мектеп окуучулары 31-декабрда каникулга чыгып, 11-январга чейин эс алышкан.