Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президентин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-декабрда, Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанда боксту өнүктүрүүнүн жана өлкөдө эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде дене тарбия жана спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров өлкөдө жакшы бокс мектеби бар экенине, муну ири эл аралык мелдештерде жеңген жогорку пробадагы медалдар тастыктап жаткандыгына көңүл бурду.

Өз кезегинде Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Кыргызстанда спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

134815 1200x630 1 Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президентин кабыл алды

Ал эл аралык аренада ийгиликтүү намысты коргой алган, чет элдик турнирлерде судьялар катары да өлкөнү көрсөткөн ата мекендик спортчулардын дарамети жогору экенин белгиледи.

Мындан тышкары Умар Кремлев Эл аралык бокс ассоциациясы Кыргызстанда бокс боюнча эл аралык турнирди жана чет элдик спортчулар үчүн машыгуу жыйындарын өткөрүү, ошондой эле республикада Бокс академиясын куруунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын баса белгиледи.