Сокулуктагы реабилитациялык борбордун ишмердүүлүгү менен ЖК төрагасы таанышты

Бүгүн, 2-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барып, социалдык мекеменин ишин жана муктаждыктарын жеринде көрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза жана КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

021222141644 3 Сокулуктагы реабилитациялык борбордун ишмердүүлүгү менен ЖК төрагасы таанышты
021222141837 11 Сокулуктагы реабилитациялык борбордун ишмердүүлүгү менен ЖК төрагасы таанышты

«Бүгүнкү күндө мындай борборлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетет жана парламент көзөмөлдөөчү орган катары бул маселеге өзгөчө көңүл буруп келүүдө», – деди Төрага.

Реабилитациялык борбор менен таанышуу учурунда Төрага балдардын колунан жаралган буюмдардын кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү менен таанышып, борборго өзунун резервдик фондусунан 200 миң сом суммасында бир кир жуугуч, эки кургатуучу машинаны, кир жуучу жана гигиена каражаттарын,  жана балдар үчүн атайын белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борбору Сокулук районунун Ичке-Суу (Маловодный) айылында жайгашкан.

Мекеме 2014-жылдын 27-январында түзүлгөн. Бул жерде 4 жаштан 18 жашка чейинки 76 бала (32 кыз балдар, 44 уул бала) тарбияланууда. Бул жердегилерге такай жана убактылуу социалдык медициналык, социалдык педогогикалык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүп турат.