Баткен шаарында милиция кызматкерлери көзөмөлдү күчөтүүдө

Баткен шаарынын ички жолдору тардыгы, ошондой эле борбордук “Айдарали” базарынын айланасындагы жол тыгындарын иретке келтирүү максатында Баткен ШИИБдин кызматкерлери элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Айрым бир айдоочулар айдаган унааларын мыйзамсыз жерлерге токтотуп, жол тыгындарын пайда кылууда, ошондой эле жол четине товарларын өз билемдик менен жайып алып сатуучуларга жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратууда.

WhatsApp Image 2022 12 02 at 08.23.19 Баткен шаарында милиция кызматкерлери көзөмөлдү күчөтүүдө


Милиция кызматкерлери М.Нургазыев, М.Салихов, Т.Садыков жана Сайдиман-Ажы көчөлөрүндө укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бир күндүк иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин негизинде 18 жаранга протоколдор толтурулуп, 24000сом айып пул салынды.

WhatsApp Image 2022 12 02 at 08.23.20 1 Баткен шаарында милиция кызматкерлери көзөмөлдү күчөтүүдө

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы