Маматалиев: Мектеп автобусунда жол кире жогору болбошу керек

Бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев жол кире акысы 20 сомду түзгөн «Мектеп автобусу» пилоттук долбоорун ишке ашыруу маселелерине токтолду.

Анын айтымында, мектеп автобустарына жол кире акысы жогору болбошу керек.

«Албетте, мындай жол киреден улам балдар жөнөкөй автобустарды күтүшөт жана бул пилоттук долбоор ийгиликтүү болбой калат. Андыктан мектеп автобусундагы жол кире баасы шаардык коомдук транспортто белгиленген тарифтен төмөн болушу керек», — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, борбордо пилоттук режимде мектеп автобустары каттай баштады. Автобустар №13, 29, 28, 69 жана 70 мектептерди камтыйт.

Долбоорду жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу компания ишке ашырууда.