Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлдөрүн суракка чакыруу алардын парламенттин бүгүнкү жыйынында сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу.
Бүгүн депутаттар прокуратуранын дарегине бир нече айыптарды коюшту. Алардын сөздөрүн тактоо үчүн сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Кайсы прокурор, кайсы тергөөчү кимден канча акча алганын текшеришет», — деди Сирожиддин Камолидинов.
Белгилей кетсек, буга чейин Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан. Акыркысы ошондой эле башкы прокурор Курманкул Зулушевди парламентке чакырып, анын жоопкерчилигин кароону сунуштаган.